"Мен мастай жүрө берем". Алымкадыр Бейшеналиев ичпей турганын айтты
RU

"Мен мастай жүрө берем". Алымкадыр Бейшеналиев ичпей турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны мас болуп келди деген БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабековдун айыптоолорун жокко чыгарды.

Эске салсак, БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабеков, саламаттык министри ал жокто эртең мененки саат 8де келип алып, мас абалында ар кайсыны сүйлөп кетиптир, деп айткан.

Министрдин айтымында, анын мас болгонун эч ким бул нерсени далилдеп бере албайт.

"Мен келгенде профессорлор, башкы дарыгерлер отурушкан. Эгер ошолордун бирөөсү мени чындап мас келди деп тастыктаса, мен кызматымды тапшырып берем. Өзүңөр көргөндөй, эч ким анткен жок", - дейт министр.

Бейшеналиев такыр ичпей турганын жана муну бардык дарыгерлер биле турганын кошумчалады.

"Кээде корпоративдерде отурганда мас өңдөнүп коем. Министр ичпесе, коллектив эс ала албай калат", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5462