Жоламан Шаршенбеков качан үйлөнөрүн жана ага кандай кыздар жагарын айтты. Видео
RU

Жоламан Шаршенбеков качан үйлөнөрүн жана ага кандай кыздар жагарын айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жоламан Шаршенбеков качан үйлөнөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында келечектеги жубайынын кесиби ал үчүн маанилүү эмес.

"Олимпияда оюндарына катышып чемпион болгондон кийин үйлөнөм деген оюм бар. Жеңилип калуудан кудай сактасын, буюрса сөзсүз жеңем. Келечектеги жубайымдын эң башкысы жүрөгүндө ыйман болушун каалайм. Анан мени кандай сүйсө ата-энемди да ошондой сүйө алган кыз болсо жакшы болот. Жашоодогу өз оордун билсе кесиби деле маанилүү эмес", - дейт балбан.

Эске сала кетсек, Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк чемпионатта Болгариялык балбанды 11:2 эсебинде жеңип дүйнө чемпиону болду.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн кыргызстандыктардан эч ким дүйнө чемпиону болгон эмес. Ошол себептүү Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдун жеңиши тарыхта биринчи жолу болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8638