Алмазбек Бейшеналиев пара катары алды делинген акчанын эмнеге берилгенин түшүндүрдү
RU

Алмазбек Бейшеналиев пара катары алды делинген акчанын эмнеге берилгенин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын тандоо Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Бейшеналиевдин айтымында, акча ага пара эмес, инвестиция катары берилген. "Мен күнөөмдү мойнума албайм, акча инвестиция катары берилген", - дейт ал.

Министр арызды ким жазганын жакшы билерин белгиледи.

"Ал алып келген акча азыр пара катары көрсөтүлүп жатат. Бирок чындыгында бул долбоорго, башкача айтканда, инвестицияга жумшала турган каражат", - деп түшүндүрдү министр.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган. 29-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8673