Дастан Анарбековдун айылдаштары бийликтин издөө иштерине канааттанбай турганын айтышты
RU

Дастан Анарбековдун айылдаштары бийликтин издөө иштерине канааттанбай турганын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан кийин дайынсыз болуп жаткан лейтенант Дастан Анарбековду издөө иштерине жакындары жана айылдаштары канааттанбайт. Мындай кайрылууну Аманбаев айыл өкмөтүнүн аксакалдары жасашып, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат жолдошту.

Анда бийликтин Дастан Анарбековду издөө иштерине үй-бүлөсү, жакындары жана айылдаштары канааттанбай турганы белгиленет.

"Алгач каза болду, кийин дайынсыз жоголду дедиңер. Бул бийликтин эптеп кутулуу ыкмасы деп билебиз. Балабыздын туткунда же туткунда эместиги белгисиз. Тажик тарап менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок. Чек ара маселеси чечилбегендиктен, бейкүнөө каза болгондордун атынан жакынкы күндөрү мөөнөтсүз митингге чыгабыз", - деп айтылат катта.

Буга чейин Чек ара кызматы Баткенде аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын, ал дайынсыз болуп изделип жаткан лейтенант Дастан Анарбековдун сөөгү болушу мүмкүн экенин маалымдаган. Бирок жоокердин апасы Сауле Иманалиева Чек ара кызматы жалган маалымат берип жатат деген.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8867