Изделип жаткан Дастан Анарбековдун апасы Чек ара кызматы такталбаган маалымат берди дейт
RU

Изделип жаткан Дастан Анарбековдун апасы Чек ара кызматы такталбаган маалымат берди дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара кызматы буга чейин Баткенде аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылганын, ал дайынсыз болуп изделип жаткан лейтенант Дастан Анарбековдун сөөгү болушу мүмкүн экенин кабарлаган.

Бирок Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева Чек ара кызматы жалган маалымат берип жатат дейт. Айтымында, муну менен аталган кызматтагылар кутулуунун аракетин көрүп жатышат

"Чек ара кызматынын өкүлдөрү жалган, такталбаган маалымат таратуу менен менин оозумду баса албайсыңар. Кандай түшүнсө болот? Эптеп кутулуунун аракетиби? Чек ара кызматынын бир кызматкери ишендирүү аракетин кылды. Мени маскаралап жатабы?", - деп билдирүү жазды социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткенде атуулдук милдетин аткарып жүргөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков дайынсыз болуп бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8745