Акчаны кайтарып берүүгө даяр. Милиция мал базарда тонолгон аксакалдын чоо-жайын айтты
RU

Акчаны кайтарып берүүгө даяр. Милиция мал базарда тонолгон аксакалдын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция Токмок шаарындагы мал базарда улгайган адамды тоноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Сот процесси мал базарда аксакалга акча чогулткан видео интернетте тарап кеткенден кийин башталган. Аталган факты катталып, шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Бирок укук коргоо органдарына эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Маалым болгондой, 79 жаштагы карыя Нарын облусунан аш берүү үчүн жылкы сатып алып кетиши керек болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тонолгон адамдын жакындары аксакалга жардам берген бардык жарандарга каражатты кайтарып берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, окуя 16-октябрда Токмок шаарындагы мал базарда болгон. Абышканын 120 миң сомун чөнтөкчүлөр уурдап кетишкен.

Ал кишиге жардам берүү үчүн сатуучулар менен сатып алуучулар акча чогулта коюшкан. Ошентип аксакалга 115 миң 500 сом чогултушуп, бул суммага жылкы сатып алууга жардам беришкен.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8908