"Өлүп каласың!". Тергөөчү активистти коркуткан видео
RU

"Өлүп каласың!". Тергөөчү активистти коркуткан видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жарандык активист Али Шабданды Биринчи Май РИИБдин имаратында коркутту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Белгилесек, активист Али Шабдан дагы бир катар саясатчылар жана активисттер сыяктуу эле бүгүн эртең менен кармалып, Биринчи Май РИИБине жеткирилген.

Анда Али Шабдан менен тергөөчүнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды. Анда тергөөчүнүн "Сен азыр өлөсүң, бала. Жөн тур дейм!Жыгыласың, турбайсың" деп жатканын көрүүгө болот.

Бул учурда Клара Сооронкулова активистти, ал эми тергөөчүнү жарандык кийимчен белгисиз кишилер арачалашты.

Журналист Болот Темиров тергөөчү Шаршен Суранчиев экенин, ал шаардык ички иштер башкы башкармалыгында иштей турганын аныктады.

Текебаевге кол салуу (11 статей)
Орозайым Нарматованын кармалганы айтылууда. Ал "акыркы катым" деп билдирүү жасады
27 Октябрь 2022, 21:05
Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды
26 Октябрь 2022, 19:36
Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү аныкталды
25 Октябрь 2022, 16:58
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8993