Тазабек Икрамов: Сөз эркиндигине басым жасалып, мыйзамга каршы иштер жасалып жатат
RU

Тазабек Икрамов: Сөз эркиндигине басым жасалып, мыйзамга каршы иштер жасалып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттарына бийлик тарабынан басым, кысым жасалып жатканын белгилеп, мындай аракетти токтотууну суранды.

Ал жыйында Конституциянын 10-беренесин окуп берди:

  • Жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматтарынан маалыматтарды алуу, жайылтуу жана оюн эркин билдирүү укугуна кепилденет.
  • Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт жана жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.
  • Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот.

"Бул беренени айтаканымдын себеби, Алмасбек Абытов, туура иш алып барыңыздар дегендик. Бүгүнкү күндө кармалган Атай (Бейшенбек), Эрлан (Бекчороев) деген жигиттерибиз өз ой-пикирлерин айтканга укуктуу деп Конституцияда жазылып турат. Бийликке коркунуч келтирбеген нерсе үчүн 2 айга камоо туура эмес. Ошондой эле көптөгөн маалыматтык сайттарга, журналисттерге басым болуп жатат. Конституция менен иштебей жатабыз, каршы келип жатат. Мисалы "Азаттыкты" айтсак болот. Аталган медианы кеңсесинин алдына барып "өрттөп кетем" дегендерден мамлекет тарабынан коргоо болуш керек эле. Бүгүнкү күндө сөз эркиндигине басым жасалып, мыйзамга каршы иштер жасалып жатат. Бул маселе боюнча бир туура чечимге келесиздер деп ишенем", - деди ал.

Башкы беттеги сүрөт: Би-Би-Си кыргыз кызматы

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9051