"Демир" банк "Азаттыктын" эсеби эмнеге бөгөттөлгөнүн түшүндүрдү
RU

"Демир" банк "Азаттыктын" эсеби эмнеге бөгөттөлгөнүн түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Демир" банк "Азаттыктын" эсептерин мыйзамсыз бөгөттөгөн деген дооматтардын баары негизсиз. Мындай билдирүүнү "Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы" расмий баракчалары аркылуу билдирди.

"Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү) мыйзамына ылайык токтотулган. Бул боюнча "Азаттыкка" расмий жоопту банк жазуу түрүндөгү кайрылуусунда билдирген. ТИК/ККЛК мыйзамынын талаптарын аткаруу Кыргызстандын бардык банктары үчүн милдеттүү. Жогоруда аталган мыйзамдын 32-беренесине ылайык, "банктар банктык операцияларды токтото туруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана негизинде жасалган болсо", - деп айтылат банктын маалыматында.

Эске салсак, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" эсебине бөгөт коюлган. "Демир" банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9145