Журналист Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сотко берет
RU

Журналист Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сотко берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Садыр Жапаровду жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жалаа жапкандыгы үчүн сотко берет. Бул тууралуу Темиров өзүнүн YouTube`дагы Темиров Live каналында билдирди.

Анда Темиров Бишкектин Свердлов райондук соту аны "Баңгизаттарды сактоо жана колдонуу", "Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча актаганын эске салды. Бирок жасалма документтерди колдонгон деген кине менен күнөөлүү деп табылганын белгиледи.

"Мен абакта эмесмин, бирок соттолгонум бар, паспортторум жараксыз бойдон калууда. Бул жыйынтык мени канааттандырбайт. Анткени мен күнөөлүү эмесмин, жасалма документ колдонгон эмесмин жана паспортту мыйзамдуу түрдө алгам. Ошондуктан биз аппеляциялык арыз бердик, прокуратура өзүнүн арызын берди", - деди ал.

Темиров өзү даярдаган видеодо Жапаров менен Ташиевдин анын иши боюнча эмне деп айткандарын көрсөтөт.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин документтерди жасалмалоо боюнча айткандары жалган жалаа. Мен алардан төгүндөөнү талап кылганга мыйзамдуу укугум бар.

Темиров жактоочулары менен бир нече жолу арыз жазганын, бирок ал кабыл алынбаганын билдирди. Ошентсе да ал муну кайра-кайра жасоого даяр экенин белгилейт.

"Биз материалдык компенсация талап кылбайбыз, алардын айткандары жалган экенин моюнга алышын талап кылабыз", - деп айтат ал.

Эске салсак, Темиров ушул жылдын башында, 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келип, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан.

Бирок күбөлөр таңгактарды коопсуздук күчтөрү өздөрү салып коюшканын айтышкан. Журналист бардык анализдерден өтүп, анын денесинен маңзат табылган эмес. Ошентсе да Темировго карата баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9379