Болот Темировду Москвадан тосуп алышканы белгилүү болду
RU

Болот Темировду Москвадан тосуп алышканы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 23-ноябрда соттун чечиминен кийин өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров учурда кайда экени белгилүү болду. Анын кесиптеши Эльдияр Арыкбаев социалдык тармакка жазып калтырган билдирүүгө ылайык, Темировду Москвадан тосуп алышкан.

"Болот Темиров менен сүйлөштүм. Аны тосуп алышыптыр. Ал баары жайында экенин айтты. Учурда ал жакындары менен экен", - деп жазат.

Белгилесек, Бишкек шаардык сотунда Болот Темировдун жасалма документтер боюнча иши каралып, ага карата соттук коллегия өлкөдөн чыгаруу чечимин кабалы алган. Сот өкүмдү окугандан кийин эле Темировду сот залынан белгисиз тарапка алып кетишкен.

Кийинчерээк ал "Манас" аэропортунан Россияга учакка отургузулганы маалым болгон. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9391