Болот Темиров өлкөдөн биротоло чыгарылды. Анын жубайы соттун чечимине даттанат
RU

Болот Темиров өлкөдөн биротоло чыгарылды. Анын жубайы соттун чечимине даттанат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочусу Замир Жоошев соттун чечими боюнча түшүндүрмө берди. Ал белгилегендей, Темиров өлкөдөн биротоло чыгарылды.

Жоошевдин айтымында, чечим өмүр бою күчүндө болот. Эгер ал кылмыш кылса, ошол жакта калат. Анткени бул анын мекени жана аны өлкөдөн кууп чыгуу мүмкүн эмес.

"Темировдун иши боюнча соттун өкүмүндө өлкөдөн чыгаруунун мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Демек, өлкөдөн чыгаруу мөөнөтсүз. Болот Темировго Россиянын паспорту менен да өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган соттун жашыруун чечими бар деп чочулап жатабыз. Мындай көрүнүш мурда болгон", - деди Жоошев.

Ал эми журналисттин жубайы Махаббат Тажибай кызы соттун чечимине даттанарын билдирди.

"Биз Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө карата сөзсүз даттанабыз, керек болсо эл аралык сотторго да кайрылабыз. Анткени ал мыйзамсыз түрдө жарандыгынан ажыратылды жана соттун өкүмү абсурд болду.

Болот мындай катуу кысымдан кийин бир аз эс алып, ден соолугун чыңдап алышы керек. Бирок сөзсүз ишке киришип, коррупционерлердин бетин ачууну улантат. Ага чейин анын Темиров Live командасы иликтөөлөрдү жасоону улантат", - деди ал.

Болот Темировду Россиядан Чек ара кызматынын кызматкерлери суракка алып, эмне менен алектенерин, каражатты кайдан кантип табарын сурашкан. Ал журналисттик иликтөөлөрдү жасай турганын, гранттар боюнча айткандан кийин Россиянын аймагына киргизилгенин Махаббат Тажибай кызы кошумчалады.

Кечээ, 23-ноябрда соттун чечиминен кийин иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. Буга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен укук коргоо органдарына түшкөн документтер себеп болгону айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9394