"Өзгөндүк туугандар шашпай тургула". Жапаровдун чек ара боюнча сүйлөгөн сөздөрүнөн
RU

"Өзгөндүк туугандар шашпай тургула". Жапаровдун чек ара боюнча сүйлөгөн сөздөрүнөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча келишимди карап жатат. Жыйындын башында Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бүгүн эки өлкө ортосундагы чечилбей келген чек ара маселесине чекит коюла турган тарыхый күн экенин белгиледи.

"Ратификация маселеси каралып жатканда башымды катып отуруп албастан өз пикиримди билдирейин дедим. Чек ара боюнча Камчыбек Ташиев жасаган баяндамада баары түшүнүктүү болду деп ойлойм. Канча жер, кайсы талаш жерлер бизге өткөнүн уктуңуздар, алар жөнүндө кеп кылбай эле коёюн", - деди ал.

Президенттин жыйында сүйлөгөн сөздөрүнөн:

  • Кемпир-Абаддын алдындагы жер кетип жатат ызы-чуу салып жаткандарга айтарым, суу астында жаткан 4127 гектар жер 1965-жылы эле Өзбекстан менен алмашып кеткенине күбө болдуңуздар. Ошого карабастан чуу чыгарып "Кемпир-Абад кургап кетсе, жер Өзгөндө калсын" деп кыйкырып жатасыздар.
  • Биринчиден, суу кылымдар бою кургабайт.
  • Экинчиден, макул, суу түгөнүп, суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна башка жерден теңме-тең жер берип алмашып алсак болот. Айланайын деп деп алышат. Анткени аларга суусу кургаган таштак, кумдуу жер кереги жок.
  • Үчүнчүдөн, кыйкыргычтар айтат, "Өзбекстанга башка тилкеден жер берип, суу сактагычтын алдындагы жерди алып калууну бүгүнкү келишимге киргизгиле" деп.
  • Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт, ошондон улам бизден 30 жыл алдыга кетишти.
  • Биздин башыбыз кыйкырыктан чыкпай жүрөт. Учактарды айтпай эле коёюн, 30 жылдын ичинде ширеңке чыгарган фабрика салбаптырбыз.
  • Өзгөндүк туугандар шашпай тургула, суу астында жаткан жерди керек болсо 1, 10 же 100 жылдан кийинби алмашып алабыз. Ага чейин өзүбүз иштетип туралы.
  • Азыр Кыргызстан боюнча 1,5 миң чакырымга чукул чек ара тилкелери чечилип жатат.
  • Депуататтар, мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыздар. Барыңарды айткандан алысмын, бирок бир-экөө "добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат, менин кадрларымды кызматкка албай жатат" деген сөздөрдү айтып жаткандар бар.
  • "Бул маселеге башыңды оорутпай кийинкиге жылдырып салбайсыңбы" деген кесиптештериңер болду. Жок, болбойт. Бүгүн чечпесек, мындай жеңишке жете албай калышыбыз мүмкүн. Кийин 1 сотых жер үчүн кан төгүлөт.
  • Популисттик кылып, "эл кыйкырып жатат" деп калкка шылтап, кворум өткөрбөй, добуш бербей жаткан депутаттар жок эмес. Бийликке оппозиция боло бериңиздер, бирок бул маселеге эмес. Өлкө тагдыр чечилип жатканда "ооруп жатам же командировкага кетип калайын" дегениңер туура эмес.
  • Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип жатабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерибизди алып жатабыз. Буга тарых баасын берет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9307