Азиз Мурадиллаевге донор керек болууда
RU

Азиз Мурадиллаевге донор керек болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-декабрда Азиз Мурадиллаевдин ден соолугуна байланыштуу маалымат жыйын өттү. Ага коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана актёрдун апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анара Сыдыгалиева катышты.

Ассоль Молдокматова учурда Азиз Мурадиллаевдин абалы оор экенин, жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

"Актёрго донор керек болуп жатат. Мурадиллаевдин апасынын жашы туура келбегендигине байланыштуу донор боло албайт экен. Учурда Россияда жашап жаткан 26 жаштагы кыргыз кызы донор болууга макул болду. Бирок канынын тобу дал келбей калды. Ошондой эле донор болом деген Азиз Мурадиллаевдин эжесинин канынын тобу да келбей жатат.

Таланттуу адамыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн. Тез арада санавиация менен Россияга же Түркияга жеткирүү керек. Ошондуктан президентке кайрылып, борт берүүсүн суранат элек", - деди Молдокматова.

Белгилесек, 3-декабрда актёр оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Кийинчерээк атайын эсеп ачылып, кайрымдуу жарандардан 3 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Ассоль Молдокматованын демилгеси, кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров актёрдун операциясына 42 миң доллар берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9501