Азиз Мурадиллаевдин апасына элден чогулган 1 жарым миллион сом берилди
RU

Азиз Мурадиллаевдин апасына элден чогулган 1 жарым миллион сом берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актёр Азиз Мурадиллаевдин апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анара Сыдыгалиевага элден чогулган 1 жарым миллион сом берилди. Бүгүн, 5-декабрда Азиз Мурадиллаевдин ден соолугуна байланыштуу өткөн маалымат жыйында Ассоль Молдокматова 1 жарым миллион сомду актёрдун апасына берип, каражат топтоо токтотулганын айтты.

Айтымында, бүгүнкү күнгө карата 1 миллион 565 миң сом топтолду. Анын ичинен 65 миң сом 10 жылдан бери лейкоз илдетинен жабыркап жаткан Жамиля аттуу кыздын апасына берилди. Мындай чечим тараптардын макулдуктары менен кабыл алынган.

Ал эми Анара Сыдыгалиева кыйын күндө кол сунгандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Элге өмүрүбүздү арнадык. Искусствого кадам таштаганыма быйыл 50 жыл болду. Бул тармакта жүрүп Азизди таптым. Ал курсактан түшөрү менен сахнада болду. Президентке таазим кылам. Ар бир жарандын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатасың, рахмат сага! Калайык-калкым, башымды ийип таазим кылам. Дүйнө жүзүндө биздей калк жок экенине ишендим. Баарыңарга тизе бүгүп таазим кылам! Эч кимдин баласы оорубасын", - деп көзүнө жаш алды Сыдыгалиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9502