"Абалы кайра начарлады". Азиз Мурадиллаевге башка өлкөдөн операция жасала турган болууда
RU

"Абалы кайра начарлады". Азиз Мурадиллаевге башка өлкөдөн операция жасала турган болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ооруканада жаткан Азиз Мурадиллаевдин абалы начарлады. Мындан улам анын үй-бүлөсү башка өлкөгө алып кетүү чечимин кабыл алды дейт Ассоль Молдокматова.

Анын айтымында, актёрго донор боло турган адам тууганчылыгын ырастаган комиссиядан өтүшү керек. Ал эми комиссия болжол менен 30-декабрда болот экен.

"Андан кийин дагы бир катар анализдерди тапшыруу зарылдыгы бар экен. Бул процесс көп убакыт алат. Алар көпкө күтө алышпайт. Азиздин абалы кайра начарлап кеткендиктен үй-бүлөсү 14-декабрда башка өлкөгө учуп кетүүнү чечишти. Убакыт дээрлик жок. Эгерде бейтап менен донор боло турган адамдын органдарынын шайкештиги тастыкталса, анда 1-2 күндө учушат", - деп жазат коомдук ишмер.

Белгилесек, 3-декабрда актёр оор абалда ооруканага түшүп, ага кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган. Анын боорун алмаштыруу керек болуп, операцияга 45 миң доллар кажет экени кабарланган.

Кийинчерээк атайын эсеп ачылып, кайрымдуу жарандардан 3 миң доллардан ашык каражат топтолгон. Ассоль Молдокматованын демилгеси, кайрылуусунан кийин президент Садыр Жапаров актёрдун операциясына 42 миң доллар берген.

13-декабрда Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасап, элге, президентке ыраазычылыгын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9616