Камакка алынган активист, саясатчыларды колдоо маршы өттү
RU

Камакка алынган активист, саясатчыларды колдоо маршы өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда массалык баш аламандык уюштурууга айыпталып камакка алынган активисттер, саясатчыларды колдоо маршы өттү.

Тынчтык маршы саат 12:00дө башталып, Ички иштер министрлигинин алдынан өкмөт үйүнө чейин болорун активист Али Шабдандын жубайы билдирген.

"Президент Садыр Жапаровго жеке жолугушуу тууралуу кат калтырганбыз, бирок азырынча эч кандай майнап жок. Биз жөн эле карап отура бербейли дедик. Кайдыгер карабаган жарандарды саясий туткундарды колдоо иретинде маршка катышууга чакырабыз", - деген активисттин келинчеги.

Бирок милиция кызматкерлери камактагылардын жакындарына топтолууга тыюу салып, ИИМдин имаратынын алдынан кетүүсүн талап кылышты. Активист, саясатчылардын жакындары ички иштер министри менен жолугууну суранышты.

Чогулгандардын талабына ылайык, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сапар Аманкулов чыгып тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

Милиция кызматкерлери марштын катышуучуларынан тарап кетүүнү талап кылышты.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту массалык топтолууга, тынчтык митингин, акцияларды Эркиндик бульварында өткөрүүгө тыюу салган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9849