Кримтөбөл Кадыр Досонов 2 айга камалды
RU

Кримтөбөл Кадыр Досонов 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы адам өлтүрүүнү уюштурууга шектелип кармалган кримтөбөл Кадыр Досонов 2 айга камакка алынды. Бул туурасында бүгүн, 16-январда ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1971-жылы туулган Кадыр Досонов (кылмыштуу чөйрөдөгү каймана аты Дженго) 13-январь күнү кармалган. Ал Ош ШИИбдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Эске салсак, Ош шаарында 13-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аёосуз сабалып, бирөө каза болгон. Кийинчерээк оор кылмышты уюштурууга шектелип кримтөбөл Дженго (Кадыр Досонов) кармалган. 14-январда Коргонбай уулу Эламан, Раимберди уулу Акылбек чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда, ал эми Нурбек Чубаков Өзгөндөн колго түшүрүлдү. 15-январда Шакир уулу Курсантбек, Бишкек шаарынан кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9939