100 боз үй жөнөтөт. Кыргызстан Түркияга эки учак менен гумжардам жиберет
RU

100 боз үй жөнөтөт. Кыргызстан Түркияга эки учак менен гумжардам жиберет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркия мамлекетине эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10272