Кыргызстан дагы 100 куткаруучуну Түркияга жиберет
RU

Кыргызстан дагы 100 куткаруучуну Түркияга жиберет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Кыргызстандан дагы 100 куткаруучу жөнөйт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин өкүлү Алмазбек Абытов айтты.

Абытов белгилегендей, издөө, куткаруу иштерине аттестациядан өткөн адистер барышат.

"Кырсыктын кесепеттерин жоюуга аттестациядан өткөн куткаруучулар гана тартылат. Бүгүнкү күндө 67 куткаруучу Түркия мамлекетине жөнөтүлгөн. Жекшемби күнү дагы 100 адис атайын борт менен учушат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 балл).

Жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилген.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10269