Түркияга 12 млн эмес 5 миллион сомго жакын акчалай жардам чогулду
RU

Түркияга 12 млн эмес 5 миллион сомго жакын акчалай жардам чогулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы министрлиги буга чейин түрк элине кайрымдуу жарандардан 12 миллион сомдон ашык каражат топтолгонун кабарлаган. Бирок бүгүн, 13-февралда башка цифраны айтышты.

Маалыматта жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 550 миң рубль чогулганы айтылат.

Министрликтен маалыматтарда эмнеге эки башка сумма көрсөтүлгөнүн мындайча түшүндүрүштү.

"10-февралда жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке акча түшкөндө 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаганбыз. Чынында бизге валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчет берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз", - дешти басма сөз кызматынан.

Жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.

Атайын эсеп "Айыл Банкында" ачылган. Реквизиттер:

  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсептин номери: № 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
  • Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.
Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10317