Түрк элине жардам көрсөтүүгө депутаттар, мамкызматкерлер бир күндүк маянасын которушууда
RU

Түрк элине жардам көрсөтүүгө депутаттар, мамкызматкерлер бир күндүк маянасын которушууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана облустардагы бардык бюджеттик мекеме-ишканаларынын эмгек жамааттары түрк элине жардам иретинде бир күндүк маяналарын которушат.

Мындан тышкары Бишкектеги акимиаттар бир күндүк маянасын жардамга которуу чечимин кабыл алышты. Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултушту.

Белгилесек, 9-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эки күндүк маянасын которот. Демилгени депутат Акылбек Түмөнбаев көтөрдү. Депутаттар кесиптешин колдоп, сунушка макул добуш беришти.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын муниципалитет кызматкерлери Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которду.

Бул демилгеге УТРКнын жамааты да катышып, бир күндүк эмгек маянасын түрк элине жардамга которуу чечимин кабыл алышкан.

Белгилесек, Түркияда зилзаладан жабыркаган жарандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, президенттин администрациясынын жетекчилиги, кызматкерлери жана Каржы министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которушту.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10258