Министр Бообек Ажикеев башында турган куткаруучулар тобу Түркияга кетишти
RU

Министр Бообек Ажикеев башында турган куткаруучулар тобу Түркияга кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын бир тобу кечээ, 12-февралда жөнөтүлдү. Тагыраагы, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.

Ал эми бүгүн, 13-февралда Түркиянын жер титирөө болгон аймагына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10319