Түркиядагы зилзалада курман болгон Медина Бактачиеванын артында баласы калды
RU

Түркиядагы зилзалада курман болгон Медина Бактачиеванын артында баласы калды

Все самое интересное в Telegram

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн курман болгон Медина Бактачиеванын сөөгү жерге берилди. Муфтияттан кабарлашкандай, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында өттү.

Коштошуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана дин кызматкерлери катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков каза болгон кыргызстандык Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Медина Бактачиева Түркияда жашап эмгектенип жүргөн. Ал 6-февралда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө электигин айылдаштары айтты.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 макала)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Марта 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Марта 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Марта 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10366