Түркияда жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Бишкекке жеткирилди
RU

Түркияда жер титирөөдөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Бишкекке жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда жер титирөөдөн каза тапкан кыргызстандык айымдын сөөгү өлкөгө жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, маркумдун сөөгү бүгүн, 14-февралда эртең менен туугандарына өткөрүлдү.

Маркумдун сөөгү Жалал-Абад облусунда жерге берилери айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-февраль күнү Хатай шаарындагы урандылардын астынан аялдын сөөгү чыгарылган. Ал 1986-жылы туулган Б.М. аттуу Кыргызстандын жараны экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10330