"Англисче чыгып кеттим". Атамбаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу боюнча айтып берди
RU

"Англисче чыгып кеттим". Атамбаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу боюнча айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу боюнча үн катты. Анда Атамбаев өлкөдө тынчтык, биримдик орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши эки чоң айырмачылык экенин айтат.

"Акыркы окуяларга жана мекендештердин суроолоруна байланыштуу мен төмөндөгүлөрдү айткым келет. Ооба, экстердин жолугушуусу болду. Мен да катышып калдым. Себеби мага экс-президенттер жолугушууга катыша турганын кабардар кылышкан эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жолугушууга чакырганын, эркин сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы дешкенин айтышты. Жакшылык эсимде, ошондуктан баш тарта алган жокмун жана виза боюнча Испаниянын элчиси менен алдын ала пландаштырылган жолугушууну токтоттум. Сиздерге белгилүү болгондой, премьер-министр Педро Санчес мени дарыланууга чакырды - бул үчүн ага чоң рахмат!

Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Ал сөз кылгандай, мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм.

Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай жаралды. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем.

Өлкөбүздө тынчтыктын, биримдиктин орношу жана Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши эки чоң айырма. Айкалыштыруу такыр башка натыйжа берет. Өтө көп кан төгүлдү, өтө көп нерсени унутууга болбойт. Анан албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Каза болгондордун жакындары биринчи кечириши керек. Ал эми президент Садыр Жапаров мени угуп, туура чечим чыгарат деп ишенем", - деп жазды ал.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу бейтарап аймакта өттү.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10390