Рыскелди Момбеков: Президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу жакында билинет
RU

Рыскелди Момбеков: Президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу жакында билинет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Садыр Жапаровдун мурунку президенттер менен жолугушуусу Дубайда болгонун өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.

Ал жолугушуунун чоо-жайы жакын арада белгилүү болорун айтты.

"Жакында экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу, ким кимге каршы чыкканын билесиңер", - деп жазган экс-депутат.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди. Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышты. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу бейтарап аймакта өттү.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10387