Дайырбек Орунбеков: Президенттердин жолугушуусу боюнча негизсиз тыянак чыгаруу болуп жатат
RU

Дайырбек Орунбеков: Президенттердин жолугушуусу боюнча негизсиз тыянак чыгаруу болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы мамлекет башчыларын чогултуп, жолугушуу өткөргөнү талкууга жем таштады. Дале талкууланып жаткан жолугушуу боюнча президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирүү жасап, талашып-тартышууну токтотууга чакырды.

"Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу жазгандан кийин социалдык тармакта талкуулар жаралды. Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бирок саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз.

Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда мурдагы президенттердин кайсы бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок.

Тескерисинче эгемендик алган жылдардан бери саясий көз караштардын кагылышы, улуттун өзөгүнө олуттуу сокку уруп келе жаткан регионализм, трайбализм көйгөйлөрүн чечүү менен элдин ынтымагын бекемдөө - башкы максат болгону ачык айтылган.

Муну менен Садыр Жапаров өткөн кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды. Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымака чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетер козутпайлы.

Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт.

Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катар каталарды да кетиришти.

Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай каталарды кетиргенин барыбыз жакшы билебиз. Ошентсе да "өткөн-кеткенге кылчактап, таарынычтарды ортого салып отура берсек келечек болбойт, алдыга жылалы" деген жакшы ой Садыр Жапаровдун саясаттагы негизги приоритеттүү багыты.

Биз бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздарыбыз, ич ара араздашкандан барыбызды Жараткан сактасын. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулука чакырабыз, ынтымакта бололу. Бири-бириңиздердин көңүлүңүздөрдү оорутуп, кайым айтышууну улантпаңыздар, токтотуңуздар", - деп айтылат анда.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен жолукканын билдирген. Жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10403