Дастан Бекешев: Бакиевдерди реабилитациялоо 2020-жылы эле башталган
RU

Дастан Бекешев: Бакиевдерди реабилитациялоо 2020-жылы эле башталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бакиевдерди реабилитациялоо 2020-жылы эле башталып, мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусунда бул маселе талкууланбаган деп үмүттөнөт. Мындай пикирин депутат өзүнүн Telegram каналына жазды.

"Бул жерде менин оюм мындай. Бакиевдердин реабилитациясы 2020-жылы эле башталган. Муну баары жакшы түшүнөт, негизи реабилитациялоо үчүн көп иштер жасалды. Биринчи кезекте 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун жакындары айтып чыгышы керек. Бул маселе боюнча мен да толук кандуу оюмду айта алам. Мен бул реабилитацияга абдан каршымын. Аталган жолугушууда Бакиевдерди кайтаруу маселеси болгон эмес деп ишенем. Эми маселе: улутташтырылган мүлктөр кайтарылбаса экен", - деди Бекешев.

Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки бардык президенттер менен жолукканын билдирген. Жыйынга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан. Жолугушуу Дубайда өткөн. Жолугушуу боюнча Атамбаев комментарий берген.

Кийинчерээк Аскар Акаев да өз ою менен бөлүштү.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10398