Кыргызстандыктар түрк элине 55 миллион сомдон ашык каражат топтошту
RU

Кыргызстандыктар түрк элине 55 миллион сомдон ашык каражат топтошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жер титирөөлөрдөн улам чоң жоготууларга учураган түрк элине кыргызстандыктар 55 миллион сомдон ашык каражат топтошту. Бул туурасында Каржы министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүн, 21-февралга карата атайын эсепке түшкөн каражат 55 млн 757 миң 825 сом жана 14 миң 400 рубль болду.

Жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.

Атайын эсеп "Айыл Банкында" ачылган. Реквизиттер:

  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсептин номери: № 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";
  • Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.
Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10420