Бакиев өлкөгө кайтып келсе... Садыр Жапаров көпчүлүктүн суроосуна жооп берди
RU

Бакиев өлкөгө кайтып келсе... Садыр Жапаров көпчүлүктүн суроосуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттери менен Дубайда жолугушуу өткөргөндөн кийин коомдогу кызуу талкуулардын аягы суюла элек. Анда айрымдар Бакиев мыйзам чегинде соттолгонун айтышып, Жапаровдун аны жолугушууга чакырганын сынга алышты. Кээ бирлери Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу аракети болуп жатат деп сыпатташты.

Бул талкууларга Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу жооп берди.

"Ооба, ал киши боюнча "соттолду" деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура "бизге өткөрүп бергиле" деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда "Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат" деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет.

Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогулмакпыз да.

Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек", - дейт мамлекет башчы.

Садыр Жапаров жана мурдагы президенттердин жолугушуусу (13 статей)
"Жапаров саясатчы катары өстү". Бакиев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты
28 Февраль 2023, 10:21
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кол алышканын айтты
21 Февраль 2023, 20:01
Эрбол Султанбаев: Жапаровдун Дубайдагы демилгеси "жемишин" бере баштады
21 Февраль 2023, 18:50
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10422