Түркияда кайрадан жер титирөө катталып, 1 адам каза болду
RU

Түркияда кайрадан жер титирөө катталып, 1 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-февралда Түркиянын Малатья провинциясында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Anandolu агенттиги жазган маалыматка ылайык, зилзала жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:04тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Йешилюрт аймагында жайгашкан.

Түркиянын Кырсыктарды алдын алуу жана жардам көрсөтүү башкармалыгы (AFAD) жер титирөөнүн кесепетинен 25 үйдүн урап калганын билдирди. Ошондой эле 1 киши каза болуп, 69 адам жабыркаганы маалымдалды.

Учурда кырсык болгон аймакта куткаруучулар иш алып барышууда.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13:24тө – 7,6 баллга жеткен). Жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилген.

Андан кийин дагы Түркиянын аймактарында жер титирөөлөр катталган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10546