Депутат катышкан мушташ. Бишкек милициясы маалымат берди
RU

Депутат катышкан мушташ. Бишкек милициясы маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ресторанда орун алган мушташтын бардык катышуучулары аныкталды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, 12-мартта Д.А., Октябрь РИИБине кайрылып, белгисиз адамга чара көрүү өтүнгөн. Ал 12-мартта саат 03:30дар чамасында Бишкектин Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адам коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, аны сабап салган.

Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, "баш мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Мушташка катышкандардын бардыгы аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

Белгилей кетсек, сөз болжол менен Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго байланыштуу окуя тууралуу болуп жатат.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10854