Бекешев Абировдун мандаты боюнча: Жогорку Кеңешке ким келерин азырынча билбейбиз
RU

Бекешев Абировдун мандаты боюнча: Жогорку Кеңешке ким келерин азырынча билбейбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дастан Бекешев Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын тапшыруу чечими тууралуу комментарий берди.

Ал буга чейин Абировдун иши боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болгону үчүн аталган маселеге байланыштуу өз пикирин айта албастыгын белгилеген. Эми Абиров мандаттан баш тартканын жарыялаганда Бекешев өз оюн бөлүшүүнү чечкен.

"Менин билишимче, жабырлануучу тарап арызын кайтарып алды, теориялык жактан алганда, кылмыш иши токтотулушу керек болчу. Бирок бизде укмуштуудай окуялар боло берет: иш токтой элек. Абиров чечим кабыл алды. Эми Ленин районунун жашоочулары келечектеги тандоосуна өкүнбөгөндөй болушу керек. Анткени Ленин районунан Жогорку Кеңешке ким келерин азырынча билбейбиз", - деди Бекешев.

Эске салсак, 11-март күнү кечинде Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген.

Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировдун маселесине байланыштуу комиссия түзүлгөн.

Абиров Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Ал "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болчу.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11162