Жаныбек Абировдун мандаты эмне болот?
RU

Жаныбек Абировдун мандаты эмне болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу ниети бар экени белгилүү болду. Ал буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган.

Абировдун мандатынын мындан аркы тагдыры кандай болот? Талдайбыз.

Мандат боюнча БШКнын иш-аракеттери

Негизинен Абировдун (мандатты өз ыктыяры менен тапшыруу) иши Жогорку Кеңештин тарыхында аз кездешет. Ал мандатын тапшырууга арыз жазган 7-чакырылыштагы биринчи депутат. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Абировго мандатты тапшыруу боюнча коллегиялык чечим кабыл алышы керек.

Эгер БШК мүчөлөрү Абировдун билдирүүсүн жактырса, мандат бош калат. Буга ылайык шайлоону кайра дайындоо керек болот.

Ленин районундагы шайлоо

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, аталган округга шайлоо кайра дайындалат.

Берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй баяндалат:

"Бир мандаттуу округдан бошогон орунга Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалат жана депуттаттык мандат Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан расмий бошогондон кийин эки айдын ичинде өткөрүлөт. Эгер депутат Жогорку Кеңешти шайлоонун мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл же бир жылдан аз калганда мандатын тапшырса - бош орунга депутаттарды шайлоо өткөрүлбөйт".

Абировдун ордуна ким талапкер боло алат?

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылбаса же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылбаган Кыргызстандын бардык жарандары депутаттыкка талапкер боло алат. Мыйзамда белгиленген тартипте соттолгондугу жоюлбаган адамдар шайлана албайт.

Талапкер 18 жаштан жогору болушу керек.

Буга ылайык, Бишкектин Ленин районунда шайлоо май айынын аягында – июнь айынын башында өтүшү мүмкүн.

Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировдун маселесине байланыштуу комиссия түзүлгөн.

Абиров Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Ал "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болчу.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11161