Жаныбек Абировдун мушташка катышкан эки досу СИЗОдон чыгышты
RU

Жаныбек Абировдун мушташка катышкан эки досу СИЗОдон чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташтан улам СИЗОго киргизилген эки жарандын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу Арген Жекшенов милицияга арыз менен кайрылып, эки шектүүгө карата коюп жаткан доосунан баш тартарын айткан. Мындан улам сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.

Белгилесек, шектүүлөр 11-март күнү "Золотой дракон" ресторанында Жаныбек Абиров катышкан мушташта чогуу болушкан.

Пазылов Эрбол Абибиллаевич, 1988-жылы туулган. Ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлкү башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон, шайлоо маалында Абировдун расмий өкүлү болгон. 2021-жылга чейин мамлекеттик соттук-эксперттик кызматында иштеген.

Аксамаев Данияр Маликович, 1987-жылы туулган, ачык маалыматтар боюнча, "ФАСТ СОЛЮШН" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Аксамаев дагы Кыргызстандын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Жаңыл Алиеванын уулу. Агасы Эмил Аксамаев Биринчи Май райондук сотунун судьясы болгон.

Эске салсак, Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Чуулгандуу окуядан кийин Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазып, БШК анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11196