Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды
RU

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров чуулгандуу окуядан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырууну чечти. Бул туурасында ал Facebook баракчасына жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.

Ушуга байланыштуу мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени, борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.

Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сурайм", - деди ал.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11155