БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды
RU

БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазганы белгилүү болгон. Ал БШКга тиешелүү арыз жазган.

Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Абиров социалдык түйүндөр аркылуу кечирим сурап, жоопкерчиликти тартууга даяр экенин билдирген. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировдун маселесине байланыштуу комиссия түзүлгөн.

Абиров Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Ал "Мекенчил" депутаттык тобуна мүчө болчу.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11174