Депутат жол кырсыгына кабылган окуучулардын айылына мектеп курууну сунуштады
RU

Депутат жол кырсыгына кабылган окуучулардын айылына мектеп курууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Аманкан Кенжебаев "Манас" аэропортунун трассасында кырсыкка кабылган окуучулардын айылына мектеп куруп берүүнү суранды. Ал парламент жыйынында Лесное айылынын тургундарынын кайрылуусу тууралуу айтты.

"Ата-энелер Лесное айылына башталгыч мектеп салып берүүнү суранып жатышат. Аталган айылдагы балдар билим алуу үчүн башка аймактагы мектепке маршруттук каттам менен барууга туура келет. Жол кырсыгынын кесепетинен бир нече бала реанимацияга түштү. Мындай кайталанбашы керек. Муну Садыр Жапаровго жектирүү зарыл", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Чүй ОИИББден жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11214