"Батуми" кафесин бузуу. Маселеге Камчыбек Ташиев аралашты
RU

"Батуми" кафесин бузуу. Маселеге Камчыбек Ташиев аралашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев 24-майда милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузуу иштерин баштаган.

Орунтаевдин айтымында, кафенин жанындагы жерди ижарага берүү мөөнөтү бүтүп, кафени өз ыктыяры менен бузуу боюнча менчик ээлерине кабарланган. Бирок кафенин кожоюндары эч кандай реакция жасабай, имаратты бузууга өзү келген.

Бул чечимге мекеменин кожойкеси Кадича Бечелова макул эмес. А түгүл ал өмүр бою мугалим болуп иштегенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сурады.

Мекеменин ээлери имаратты өздөрү демонтаждап, бардык эмеректерди жана жабдыктарды алып чыгуусу үчүн аларга убакыт берүүнү суранышкан. Бирок Бишкектин вице-мэри аларга макул болбой, ошол эле күнү кафе жарым-жартылай талкаланган.

Ал эми бүгүн, 25-майда Бечелованын жактоочулары менен мекеменин кызматкерлеринин айтымында, талкаланган "Батуми" кафесине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, аткаминерлердин бирине телефон чалып, кырдаалды жөнгө салууну тапшырган. Ал эми бузуу мыйзамсыз болсо анда бардык күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырган.

Бечелова жактоочулары менен УКМКнын Бишкек башкармалыгына барышып, учурда Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жана башка муниципалдык кызматкерлердин аракеттерине каршы арыз жазып жатышат.

"Батуми" кафесинин администратору Умида Ашубаева бузулган күнү милиция кызматкерлери аны түртүп, денесине залал келтиргенин билдирди.

"Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев жулунуп келди. Мен андан кафе ээлеринин келишине убакыт берүүнү сурандым. Бирок ал укпай, эмеректерди имараттан өзү алып чыга баштады", - деди Ашубаева.

Ал кошумчалагандай, Орунтаев мекеменин ээси жок экендигине карабай, бир нече документтерди көрсөткөн.

Ошондой эле кафенин администрациясы вице-мэрден ишти кароого убакыт берүүнү суранган, эгер мыйзамсыз болсо, алар өздөрү баарын бузууга даярбыз деп айтышкан.

"Биздин имараттын баары жеңил конструкциялардан турат, көпчүлүк айткандай капиталдык эмес. Көрдүңөрбү, жада калса дубалдары гипсокартондон. Мэрия баарын талкалап салды. Ишкерлердин укугун коргоо деген кайда? Бул салынган инвестиция го?" - деп ачууланды ишкердин тууганы.

Ал Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жүрүм-турумуна капа болду.

"Ушунчалык чоң кызматтагы чиновник кантип "сенин "крышаң" ким экенин билебиз" деген сыяктуу сөздөрдү айтууга жол берет? Ал жайдын ээсинин баласын айтып жатат. Бирок ал катардагы милиция кызматкери, так кайда иштегенин да билбейбиз. Кантип ал мэриянын ишине кийлигишет?", - дешет алар.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12525