Ички иштер министри Бостери айылында каза болгон жигиттин жакындарына жолукту
RU

Ички иштер министри Бостери айылында каза болгон жигиттин жакындарына жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдөгү пляжда каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. Министрликтен кабарлашкандай, жолугушууга Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты.

Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл ОИИБде максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги тууралуу жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Окуя боюнча Улан Ниязбеков маркумдун жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирлерин угуп, бул иш президенттин көзөмөлүндө экенин, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жаткандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 23 жаштагы А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын расмий корутундулары чыга элек.

*****

Эске салсак, 6-августтун таңында "Золотые пески" пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгон. Маркум ур-токмоктон каза болгонун агасы менен достору айтып, адилеттүү териштирип берүүнү суранышкан. Ал эми облустук милиция ур-токмок болбогонун, маркум эпилепсиядан каза болгон деген версияны айтышкан.

Бул окуя талаш жараткандыктан Бостеринин тургундары, жардам көрсөткөн медайым кайрылуу жасашкан.

Бул каргашага президент Садыр Жапаров реакция кылып, жеке көзөмөлүнө алган.

Окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13893