"Элит Хаус" компаниясынын ээси Тимур Файзиев камалды. Ага коюлган айып
RU

"Элит Хаус" компаниясынын ээси Тимур Файзиев камалды. Ага коюлган айып

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Элит Хаус" курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев 10-октябрда УКМКга суракка чакыртылып, андан кийин кармалган. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкен.

Айрым маалыматтар боюнча, Тимур Файзиев УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

11-октябрда Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы Файзиевди УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 9-декабрга чейин Бишкектеги СИЗО-1ге жөнөткөн.

Бишкек шаардык сотунан Kaktus.media сайтына Тимур Файзиев кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган деп (адалдоого) айыпталып жатканын ырасташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14699