Каныкей Кубанычбекова: Спортчулар Жоламан Шаршенбековду колдойт
RU

Каныкей Кубанычбекова: Спортчулар Жоламан Шаршенбековду колдойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык спортчу жана ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Каныкей Кубанычбекова спортчулар Жоламан Шаршенбековду колдой турганын айтты.

"Жоламанды биз-спортчулар толугу менен колдойбуз. Менин оюмча Жоламан болгону өз оюн айтты. Себеби, ар бир спортчунун үйүндө өзүнүн желеги болот. Балким, ошол желегимди көтөрүп чыгам деген жакшы оюн айтса керек. Ал бирок, резонанс болуп кетти.

Ошентсе да улуу тарыхы бар желегибизди азыркы учурда алмаштыргыбыз келбеген учур болуп жатат", - деди ал.

Кыргызстандын тун желегин спортчу айым алмаштыгысы келбегенин себебин кыргыздын бай тарыхына байланыштырды.

"Ал жакта кыргыздын руху, улуу духу бар жана ошондой эле ата-бабаларыбыздын улуу тарыхы бар. Ошол себептен биз эски желекти жаңы желекке алмаштыргыбыз келбегенинин себебинин бири ушул. Ал эми спортчулар Жоламан Шаршенбековду толугу менен колдойбуз", - деп белгиледи спортчу айым.

Эске салсак, 21-декабрда балбан Жоламан Шаршенбеков Kaktus редакциясына эл аралык мелдештерге эски желекти көтөрүп чыгам деп өзүнүн жарандык пикирин айткан.

Көп узабай ага УКМКнын төрагасы үн катып, "аракет гана кылып көрсүн" деп Facebookтагы тайпалардын бирине тараган жаңылыктын алдына комментарий калтырган болчу.

Бул маалымат тараганда социалдык тармактын колдонуучулары "Жоламанга тийбегиле!", "Жоламан элдин үнү", "Спортчулар желектин баркын билет", "Желекти өзгөртпөгүлө!" деп массалык түрдө балбанды коргоп, тууну алмаштыруу боюнча нааразычылыктарын жазышты. Андан соң бир катар спортчулар да желекти өзгөртүүгө каршы ойлорун айтышты.

Буга президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Камчыбек Ташиевди колдоп билдирүү жазышты.

Анда Дайырбек Орунбеков "мамлекеттин сыйын көрүп, колдоосун алып, бирок саясатка мурдун тыгып бузукулук кылгандар ойлонуп кадам таштаңыздар" деп жазган.

Эки-үч мамлекеттик кызматтын жетекчиси сын айтканы менен дээрлик социалдык тармактын жалпы колдонуучулары колдоо көргөзүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15190