УТРКнын спорт каналынын баяндамачысы: Эл өзүнүн оюн эркин айтыш керек
RU

УТРКнын спорт каналынын баяндамачысы: Эл өзүнүн оюн эркин айтыш керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын спорт каналынын баяндамачысы Бексултан Усеналиев Kaktus редакциясына маек берип, балбан Жоламан Шаршенбеков элдин үнүн ачык жеткирди деп белгиледи.

Ал эл менен бирге спортчулар өз оюн Кыргызстандын жараны катары ачык айта алышы керек деп эсептейт.

"Адамдар өздөрүнүн оюн айтыш керек. Бул жерде Жоламан Шаршенбеков оюн айткандан кийинки реакциянын болгонун (ред.:бийлик тараптан кысым) мен үчүн аныктамасы бар. Анткени, буга чейин азыркы учурда машыгып жүргөн биздин спортчулар, эл аралык аренага чыгып жүргөн спорт жылдыздар эч качан саясий, жарандык оюн айткан эмес. Ошондуктан бийлик тарап "шок" болду: Биз аны каржылап жатсак, ал терс ой айтып жатат депчи. Ошол үчүн аларга таң каларлык болду.

Бирок менин оюм мындай: спортчулар сүйлөгөнгө укутуу. Анткени, дал ушул спортчулар жеңишке жеткенде ошол желекти көтөрөт. Биз, сиз желекти образдуу гана билебиз. Биз аны символ катары билебиз бирок эч качан спортчулардай көп колдонбойбуз. А бирок ошол спортчулар бардык мелдештерде ошол желекти көтөрүп чыгат. Демек, ошол адамдар эң биринчи желек жөнүндө оюн айтууга укуктуу", - дейт ал.

"Жоламан Шаршенбековдун артында эл турат"

Спорт баяндамачы спортчулар ар дайым өз оюн айтуудан коркпош керек деп эсептейт. Себеби, спортчулардын аркасында эл турат.

"Спортчулардын аркасында эл турат. Жоламан Шаршенбеков өз оюн айткандан кийин Камчыбек Ташиев, Дайыр Орунбеков тарабынан сөз менен кысым болду. Бирок эл ошол убакта эле "Жоламанга тийбегиле, ага сөз тийгизбегиле!" деп коргоп чыгышты. Демек, спортчулар элдин коргонунда.

Ошондуктан мен спортчуларга айткым келет: эгерде саясий, жарандык оюңуздар болсо эч коркпостон айта бергил. Эл ар дайым сиздер менен. Анткени, сиздер кыргыз элинин намысын коргоп жүрөсүздөр. Демек, сиздердин оюңуздарды, сиздерди ар дайым коргойбуз деп айткым келет. Жоламандын бул прецеденти башка спортчуларга өбөлгө түзөт деп ойлойм", - деди баяндамачы.

Эске салсак, 21-декабрда балбан Жоламан Шаршенбеков Kaktus редакциясына эл аралык мелдештерге эски желекти көтөрүп чыгам деп өзүнүн жарандык пикирин айткан.

Көп узабай ага УКМКнын төрагасы үн катып, "аракет гана кылып көрсүн" деп Facebookтагы тайпалардын бирине тараган жаңылыктын алдына комментарий калтырган болчу.

Бул маалымат тараганда социалдык тармактын колдонуучулары "Жоламанга тийбегиле!", "Жоламан элдин үнү", "Спортчулар желектин баркын билет", "Желекти өзгөртпөгүлө!" деп массалык түрдө балбанды коргоп, тууну алмаштыруу боюнча нааразычылыктарын жазышты. Андан соң бир катар спортчулар да желекти өзгөртүүгө каршы ойлорун айтышты.

Буга президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Камчыбек Ташиевди колдоп билдирүү жазышты.

Анда Дайырбек Орунбеков "мамлекеттин сыйын көрүп, колдоосун алып, бирок саясатка мурдун тыгып бузукулук кылгандар ойлонуп кадам таштаңыздар" деп жазган.

УТРКнын спорт баяндамачысы эркин ойду айтууну - бузукулук деген сөздүн өзү "бузукулук" деди.

"Мен кечээ өтө терс бир ойду угуп калдым. Анда Орунбеков тарабынан "Жоламан бузукулук кылып жатат" деген ой кетти.

Менин оюмча "ушул сөздүн" (ред.Дайырбек Орунбековдун "бузукулук" деген сөзү) өзү бузукулук. Анткени, мамлекет спортчуга жардам берип, каржылап жатса, ал акчаны мамлекет чөнтөгүнөн алып чыгып жаткан жок. Ал акчаны мамлекет элден алып жатат. Демек, эл Жоламанга, спортчуларга демөөрчү. Ошондукан Жоламан биздин да, өзүнүн да оюн айтканга укуктуу", - деп сөзүн жыйынтыктады Бексултан Усеналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15188