Кайсы желек туура? Жаңы желектин дизайны боюнча башаламандык уланууда
RU

Кайсы желек туура? Жаңы желектин дизайны боюнча башаламандык уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Желек расмий түрдө өзгөртүлүп, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгону менен мамлекеттик символубуздун дизайнына байланыштуу башаламандык уланып жатат. Жыл жаңыраары менен Ала-Тоо аянтында жаңы желекти көтөрүштү. Анын дизайны Жогорку Кеңеш кабыл алгандан айырмаланып турат. Бул түрдүү желектер удаа Ички иштер министрлигинде жана Чүй облутук Ички иштер башкы башкармалыгында көтөрүлүп, башкармалык көп өтпөй ал видеону кайра өчүргөн.

Бул боюнча сынга Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков парламент кабыл алган желекти өкмөт токтом менен өзгөртүп нурларды түндүккө бириктирип койду деп жооп берген.

Бирок, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири, Регион ТВ телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына кайра ЖК бекиткен дизайнды, эскиздерди жана техникалык мүнөздөмөлөрдү жарыялады.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунунун өзгөртүлүп, кабыл алынган варианты. Ар кандай адашууларга жол бербестен, өлкөбүздүн туусунун төмөндөгү мыйзамдуу стандарттары менен таанышып алалы", - деп жазган эскиздин алдына Өткүрбек Рахманов.

Эгерде бул баракчада берилген чиймелерди негизге ала турган болсок, анда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыктаган туунун варианты менен бул вариант бири-бирине дал келбей турат.

Өткүрбек Рахмановдун оюнда желектин бекитилген дизайны мындай болушу керек:

Ал эми Ала-Тоо аянтында илинген, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков туура деп тастыктаган желек мындай:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15262