Райымбек жана Тилек Матраимовдор Бакудан Бишкекке жеткирилди
RU

Райымбек жана Тилек Матраимовдор Бакудан Бишкекке жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандан кармалды. Аны менен кошо бир тууганы Тилек Матраимов да кармалганын Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Райымбек Матраимовду өкмөттүк учак менен алып келишкени маалым болду. Ошондой эле аны менен кошо "Ошгаз" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Тилек Матраимов да алып келинген..

Белгилесек, 23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын кабарлаган. Комитет алардын баары Азербайжандан келгенин билдирген.

Андан кийин Матраимов Баку шаарында жүргөнү тууралуу маалымат алынганын кабарланган.

2024-жылдын январь айынын аягында Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан издөө жарыяланган жана анын миллиарддаган сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөн.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15806