Райымбек Матраимовго кандай айыптар коюлду? Окуя боюнча кыскача
RU

Райымбек Матраимовго кандай айыптар коюлду? Окуя боюнча кыскача

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 26-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, айып тагылды.

Сот залында УКМКнын тергөөчүсү камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Жакында Азербайжанда үч бир тууганы менен кармалган Матраимовго "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" (Өзбекстан менен) жана "Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бир туугандар Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду Ош шаардык соту камакка алды. Алар УКМКнын Оштогу СИЗОсуна жөнөтүлдү. Тилек бир айга, калган экөө эки айга камакка алынды.

Эске сала кетсек, 23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга камынган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын билдирген. Комитет алардын баары Азербайжандан келгенин кошумчалады.

Андан соң комитеттин басма сөз кызматы кошумча маалымат таратып, анда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси Азербайжандын укук коргоо органдары менен талкууланган.

2024-жылдын январь айынын аягында Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан издөө жарыяланган жана анын миллиарддаган сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15822