Асел Ногойбаева өлтүрүлгөн аялдар боюнча: Эмнеге зомбулук токтобой жатат?
RU

Асел Ногойбаева өлтүрүлгөн аялдар боюнча: Эмнеге зомбулук токтобой жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асел Ногойбаева Бишкекте мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган келиндин, Ысык-Көлдө айылдашы тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча пикирин билдирди.

Ал Kaktus.kg сайтына аялдарга жасалып жаткан зомбулукту укканда тынчсызданып, эмнеге мындай жаман иштер болуп жатат деген суроонун үстүндө ой толгоорун айтат.

"Ошол окуяларды угуп алып жаман акыбалда жүрөм. Мен да бир өлүмдүн учун көрүп калдым да, жабырлануучулардын окуя болуп жаткан учурдагы акыбалын элестетип жаман болуп жатам.

Эмнеге аялдарга карата зомбулук дагы деле токтобойт? Эмне үчүн, кайсы жактан кемчилик кетип жатат деген суроо жаралат. Эмне себептен биздин өлкөдө зордук-зомбулук көп болуп жатат? Акыркы учурда канча деген кыз-келиндер өзүнө да кол салган учурлар катталууда", - дейт.

Асел Ногойбаева кыз-келиндерге карата кордук, зордук-зомбулукту азайтуу үчүн жазаны күчөтүү деп керек деген оюн билдирди.

"Кол салган, кордогон адамды катуу жазалабаса мен ойлойм, бул нерсе токтобойт болуш керек. Бул көрүнүш улана берет. Азыр көрүп жатабыз, интернетке ачык эле жарыяланып калды. Кылмышкер жазаны жеңил алып калып, көбү "мен деле ошондой кылып койсом болот турбайбы, мага деле эч нерсе болбойт турбайбы" деген ойдо жаман иштерге барып жатышат.

Болгону жазаны катаалдаштырыш керек, антпесе зомбулук токтобойт", - деди ал.

Эске салсак, Асел Ногойбаева да зомбулуктун курмандыгы. Аны мурдагы күйөөсү 2023-жылы күзүндө үйүнө кирип барып кулак, мурдун, бетин кескилеген. Ага чейин да мурдагы жолдошу кордук көрсөтүп, зордуктаган.

Бул кылмыш иштери боюнча айыпталуучу Азамат Эстебесов 2024-жылдын январь айында 20 жылга эркинен ажыратылган. Соттун бул чечимине Асел өзү да, коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү нааразы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15883