ЖМКларга каршы митингге чыккандарга: Митингге чыгууга татыктуу маанилүү көйгөйлөр көп
RU

ЖМКларга каршы митингге чыккандарга: Митингге чыгууга татыктуу маанилүү көйгөйлөр көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-октябрда "Азаттыктын" редакциясынын имаратынын жанында митинг өттү. Чогулгандар көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын – Kaktus.media, Kloop жана Азаттыкты жабууну талап кылышты. Андан бир күн мурун депутат Надира Нарматова да ушундай эле максат менен Жогорку Кеңеште кол топтогон. Бирок, ал өзү бул маалыматты четке какты. Андан кийин үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу талабы менен кат чыкты. Маалым болгондой, ал катка "Кыргызстандын бир катар белгилүү саясатчылары, маданият адамдары, илим, маалымат каражаттары жана спорт ишмерлери" кол коюшкан.

"Азаттыктын" редакциясынын жанында өткөн митингдин модератору Илимбек Исраилов болду. Ал өзүн жарандык активист жана саясий блогер катары сыпаттайт. Митингдин жүрүшүндө Исраилов мыйзамга туура келбесе да, бензин төгүп, Азаттыктын кеңсесин өрттөп кетүүгө даяр экенин билдирди. Андан сырткары "Азаттыктын" операторлорун бир жерден көрүп калса, бир жерин сындырып кетүүгө убада кылган.

Белгилей кетчү нерсе, Горький сейил багынан башка Бишкектин аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок "Азаттыктын" редакциясынын жанында митингчилерди эч ким тараткан жок.

Массалык маалымат каражаттарына каршы чыккан, митинг сүйүүчүлөрүнө Kaktus.media чындыгында көңүл бурууну талап кылган реалдуу жана маанилүү темалар бар экенин эскертет.

Кемпир-Абад суу сактагычы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол койгон келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абаддын 4485 гектар жери коңшу республикага өтүп жатат. Ал эми Ташиев берилип жаткан жердин оордуна Кыргызстан 19 миң гектардан ашык жерди алат деп ынандырууда. Бирок иш жүзүндө бул участоктордун көбү буга чейин деле Кыргыз Республикасына тиешелүү болгон.

Баалардын көтөрүлүшү

Андан тышкары акыркы убакта тамак-аш, күйүүчү май, көмүр эле эмес, ижара жана турак жайдын баалары көтөрүлдү. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы коомдук транспорттун жол кире акысын да көтөрүүнү көздөп жатат. Ошол эле учурда транспорттун өзү оңолбой, адамдарды тыгып салып алуу токтобой эле.

Кышка даярдык

Кыш жакындап калды, ушул аптада Кыргызгидромет катуу суук болорун убада кылууда. Ал эми керектүү көлөмдөгү катуу отун Бишкек ЖЭБине келе элек.

Ал арада шаар тургундары жылытуу маалында ышка уулана башташат, тынымсыз күйүп жаткан таштанды полигону кырдаалды ого бетер курчутат.

Аскерлердин өзүн-өзү өлтүрүүсү

Июль-август айларында дээрлик жума сайын бирден аскер кызматкери өздөрүн атып каза болгон. Депутаттар буга чейин Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Алардын айтымында, ал ар бир аскер үчүн башы менен жооп бериши керек.

Ал эми учурда Коргоо министрлиги армияда кызмат өтөөнүн жана контракт боюнча аскердик кызматтын мөөнөтүн көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Балдарга зомбулук көрсөтүү

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын айтымында, акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулуктун саны эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30%га өскөн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын башынан бери, зордук-зомбулуктун деңгээли эки эсеге өскөн.

Бирок, бул үрөй учурарлык тенденцияга жетишээрлик көңүл бурулбай жатканы байкалууда.

Мындан башка да митинг кылууга манилүү көйгөйлөр көп.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8904