Жазалоону суранышты. Бишкекте көмүр алып сатарлар бири-бирине нааразы болушту
RU

Жазалоону суранышты. Бишкекте көмүр алып сатарлар бири-бирине нааразы болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көмүр алып сатарлар бааны себепсиз көтөргөндөргө нааразы болуп, чогулуш уюштурушту. "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалыматына караганда, чогулгандар бааны себепсиз көтөргөндөрдү жазалоону суранышкан.

Чогулгандар кээ бир алып сатарлар көмүрдү 4700-5200 сомго чейин сатып жатканына нааразы болушту. Алардын айтымдарында, Кара-Кечеден көмүрдүн бир тоннасын 1450 сомдон сатып алышып, дүң баада 4000-4200 сомдон сатышат. Алар бааны ашып кетсе 4500-4700 сомго чейин сатуу туура экенин белгилешет. Ушул талапка макул болбой, көмүр ташыгандарды жаман көрсөткөндөрдү жазалоону суранышты.

Алып сатарлардын чогулушуна Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчисининин орун басары Акжолтой Тукунов жана "Кыргызкөмүр"ишканасынын өкүлдөрү катышты.

"Кыргызкөмүр" ишканасы көмүрдү 4700-4800 сомдон ашык баада саткан ортомчуларга туш болгондорго кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номери: 0705414803.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8852